Menu
Тренддер
БЮДЖЕТТИН КИРЕШЕЛЕРИН БОЛЖОЛДООГО КАРАТА ИННОВАЦИЯЛЫК ЫКМАЛАР КЫРГЫЗСТАНДЫН АНАЛИТИКАЛЫК ПОТЕНЦИАЛЫН БЕКЕМДӨӨ
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин эки тараптуу кызматташуу программасынын алкагында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешелерин болжолдоомун ыкмаларын өнүктүрүү” темасында кезектеги онлайн-семинар болуп өттү.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди талдоо жана божомолдоо башкармалыгынын начальниги Алмазбек Тойчубаевич Кочкоров, Программанын эксперти, Россия Федерациясынын Финансы министрлигине караштуу Илимий-изилдөө финансылык институту (ИИФИ) Мамлекеттик кирешелерди божомолдоо жана талдоо багытынын жетекчиси, экономика илимдеринин кандидаты Сергей Сергеевич Судаков жана ИИФИнин башка өкүлдөрү катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоонун сапатын жогорулатуу маселелери талкууланып, 2030-жылга чейинки орто жана узак мөөнөттүү мезгилге карата киреше болжолун түзүү ыкмалары сунушталды.
Ушул сыяктуу семинарларды өткөрүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин адистеринин эксперттик потенциалын бекемдөөгө жана мамлекеттик бюджеттин кирешелерин талдоо менен болжолдоонун заманбап ыкмаларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.