ИСЛАМ ТИЛЕКТЕШТИК ФОНДУ КРда СОЦИАЛДЫК МААНИЛҮҮ ДОЛБОРЛОРДУН ИШКЕ АШЫРЫЛУУСУНА КЫЗЫКДАР

ИСЛАМ ТИЛЕКТЕШТИК ФОНДУ КРда СОЦИАЛДЫК МААНИЛҮҮ ДОЛБОРЛОРДУН ИШКЕ АШЫРЫЛУУСУНА КЫЗЫКДАР

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Касымалиев жана КР Финансы министри А.Бакетаев башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусунун алкагында Өнүгүү үчүн Ислам тилектештик фондунун директору Хиба Мухаммад Али Ахмад айым менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу Сауд Аравия Королдугуна (КСА) болгон жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргыз Республикасынын калкынын бакубаттуулугун жогорулатууга, ошондой эле билим берүү программаларын иштеп чыгууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Касымалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин демилгесин – бүткүл республика боюнча социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү программасын колдоону сунуштады. Бул демилге өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө түрткү болот. 
Экинчи маанилүү аспект кесиптик билим берүүнү өркүндөтүү боюнча долбоорду ишке ашыруу демилгесин колдоо болду, ал кесиптик билим берүү системасынын бүтүрүүчүлөрү үчүн киреше алып келүүчү мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу аркылуу инклюзивдик өсүүгө жардам берет.
Жыйынтыгында тараптар өз пландарына жетишүү үчүн биргелешип иштөөнү макулдашты.

1 сүрөттөр

5.91MB

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2079