Menu
Тренддер
“Социалдык коргоо” бөлүмү боюнча 2022-жылдын 12-айы боюнча республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар
2022-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги боюнча бюджеттик каражаттардын аткарылышы 17 892,1 млн. сомду түздү, же такталган жылдык бюджетине карата (18 074,8 млн. сом) 99,0 пайызга аткарылды. - «Эмгек акы» 211-беренеси боюнча – 1 154,1 млн. сом, же 95,2 пайызга аткарылган. - «Социалдык фондго төгүмдөр» 212-беренеси боюнча – 178,6 млн. сом, же 94,0 пайызга аткарылган.
2021-жылга салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бюджети 6 048,1 млн. сомго же 51,1 пайызга өстү. Чыгымдардын өсүшү негизинен социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүнүн көбөйүшү, Баткен облусунун чек ара аймактарында жашаган адамдарга колдоо көрсөтүү үчүн кошумча төлөмдөрдүн бөлүнүшү, ошондой эле социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысынын жогорулашы менен шартталган.
“Мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-майындагы №153 Жарлыгына ылайык 2022-жылдын 1-июнунан тартып социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүнүн жогорулатылды (2022-жылга кошумча 2 017,0 млн. сом каралды). Ошондой эле Баткен облусунун калкын колдоого 227,5 млн. сом өлчөмүндө кошумча каражаттар төмөнкү ченемдик укуктук актыларга ылайык бөлүнгөн.
Мамлекеттик жөлөкпулдар
2022-жылдын 12 айы үчүн мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча чыгашалар 16 036,5 млн. сом суммасында каржыланды, анын ичинен:
16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул «Уй-булого комок» 4 879,7 млн. сомду түздү.
«Балага сүйүнчү» бала төрөлгөндө бир жолку жөлөк пул – 522,8 млн. сом.
Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул – 7 936,9 млн. сом.
Жеке ассистент
Багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү (майыптыгы бар) баланы баккан ата-энелерине, мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана жакын туугандарына мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө 805,9 млн. сом каржыланган.
Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар
Иш менен камсыз кылуунун активдүү жана пассивдүү саясатына чыгашалар 373,4 млн. сомду түздү, анын ичинен:
- жумушсуздук боюнча жөлөкпул – 0,9 млн. сом;
- жумушсуздарды кесиптик даярдоого жана кайра даярдоого – 44,4 млн. сом;
- коомдук жумуштарга акы төлөөгө – 53,2 млн. сом;
- "жумуш ордуна чек"саясатынын иш-чарасы - 274,9 млн. сом.
Социалдык камсыздандыруу
Иштеп жаткан жарандарды социалдык камсыздандырууга чыгашалар 385,1 млн. сомду түздү, анын ичинен:
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар – 376,2 млн. сом;
- сөөк коюуга жөлөкпул (кызматкерлерге) – 8,9 млн. сом.
Компенсациялык төлөмдөр жана жеңилдиктер
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды протездөө, санаториялык-курорттук дарылануу жана башка социалдык төлөмдөрдүн ордуна компенсацияларды төлөө боюнча чыгымдар 1132,5 млн.сом суммасында каржыланды.
Согуштун жана эмгектин ардагерлерине
2002-жылдын 11-мартында кабыл алынган №34 «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана тылдын ардагерлери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ардагерлерди колдоо боюнча уюмдарга 2022-жылдын чыгашалары 0,5 млн сом суммасында бекитилген, аткарылышы 0,5 млн. сомду түздү, же такталган бюджетке карата 100,0 % аткарылган.
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 27-августундагы № 243 «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун өнөр жай ишканаларын мамлекеттик колдоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу үчүн, өз ара салыктарды жана жыйымдарды жана Социалдык фондго чегерүүлөрдү эсептөө үчүн, б.а колдонуудагы мыйзамдарга ылайык салыктарды жана чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотулбаган бөлүгү үчүн азиздер жана дүлөйлөр коомунун майыптары үчүн, 2022-жылдын чыгашалары 38,0 млн. сом суммасында бекитилген, аткарылышы 34,8 млн. сомду түздү, же такталган бюджетке карата 91,6% аткарылган.