КР финансы министринин РКӨФ менен Москвадагы жолугушуусунун жыйынтыгы

КР финансы министринин РКӨФ менен Москвадагы жолугушуусунун жыйынтыгы

КР Финансы министри А.Бакетаев, РКӨФ Төрагасы А.Новиков жана Экономика жана коммерция министри Д.Амангельдиев Москвада өткөн орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин жыйынына катышышты. Анда 2023-жылга карата долбоорлорду каржылоо маселеси каралды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын стратегиялык маанилүү эки долбоорун жалпысынан 89 млн. АКШ долларына каржылоо жактырылды. Кредит берүү жеңилдетилген негизде жүргүзүлөт.

Биринчи долбоор Нарын облусунда 100 мегаватт кубаттуулуктагы Куланак ГЭСин курууну камтыйт. Аны ишке ашырууга РКӨФ 44 млн АКШ долларын бөлүп берет. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты 18%га кыскартууга жардам берет. Кошумчалай кетсек, курулуш мезгилинде 770, объект пайдаланууга берилгенден кийин 97 жумушчу орун түзүлөт. 

Экинчи долбоордун алкагында Фонд Чүй облусунда жаңы заманбап цемент заводун курууга 45 млн. АКШ доллар бөлөт. Анын кубаттуулугу жылына 1,5 миллион тонна цементти түзөт. Буга байланыштуу КР жылына 47 млн АКШ доллары үнөмдөп, импорттон көз карандысыз болот. Долбоордун алкагында 450 жумушчу орун түзүү каралган. 

Жалпысынан РКӨФ $250 МЛНго чегерилген долбоорлорду кажылайт. 

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2354