Menu

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 247 токтому менен «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди берүү тартиби жөнүндө жобо» (мындан ары – Жобо) бекитилди. 

Документ Кыргыз Республикасынын атынан каржылык милдеттенмелерди алууда ачыктыкты, натыйжалуулукту жана отчеттуулукту жогорулатууга, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду мамлекеттик колдоо механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган. 

Жобо мамлекеттик кепилдиктерди берүүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт, анын ичинде: 
- аларды берүүнүн шарттарын жана жол-жоболорун аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын жалпы көлөмүнүн чегинде республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен жыл сайын бекитилүүчү мамлекеттик кепилдиктердин лимитин белгилөө; 
- мамлекеттик кепилдиктер боюнча милдеттенмелерди каттоо, аткаруу жана токтотуу тартиби; 
- бюджеттик отчеттуулукта кепилдик милдеттенмелерди чагылдыруу механизмдери. 

Жобого ылайык, мамлекеттик кепилдиктер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча 1 миллиард сомдон кем эмес же чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммадагы инвестициялык долбоорлор боюнча гана берилет. 

Бул талап мамлекеттик кепилдик колдоону экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мультипликативдик эффектти түзүүгө өбөлгө түзүүчү стратегиялык маанилүү жана экономикалык жактан негизделген демилгелерге топтоого багытталган. 

Жобо долбоорлорду тандоонун сапатын жогорулатууга, мамлекеттик милдеттенмелерди натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга жана Кыргызстандын финансылык туруктуулугун чыңдоого мүмкүндүк берет.

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
789

Окшош жаңылыктар