Menu
Тренддер
АР БИР БАЛА БАКТЫЛУУЛУККА ЖАНА ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕККЕ ЭЭ БОЛУУГА УКУКТУУ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын балдар үйлөрүнөн кабар алып турат. Бул жолу “Биздин балдар – жердин келечеги!” бир айлыктын алкагында КР Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери Ак-Суу айылындагы Москва районунда жайгашкан Беловодскдогу мектепке чейинки балдар үйүнө барышты. КР Финансы министри А.Бакетаевдин каалоо-тилектерин жеткирилип, балдарга түрдүү белектер жана таттуулар тапшырылды.
Белгилей кетсек, бул мекемеде ата-энесинен ажыраган же кароосуз калган 75ке жакын мамлекеттин жардамына жана коргоосуна муктаж балдар тарбияланууда.
Учурдан пайдаланып, Беловодск шаарындагы мектепке чейинки балдар үйүнүн директору Михалкина Галина Павловнага жана анын кесиптештерине КР Финансы министрлигинин жалпы жамаатынын атынан балдарды тарбиялоодогу маанилүү миссиясы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
7 сүрөттөр
51.18MB