КИБЕРКЫЛМЫШТУУЛУК ЖАНА АЛДАМЧЫЛЫК: МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ФИНАНСЫЛЫК ЖАНА САНАРИПТИК САБАТТУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУ

КИБЕРКЫЛМЫШТУУЛУК ЖАНА АЛДАМЧЫЛЫК: МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ФИНАНСЫЛЫК ЖАНА САНАРИПТИК САБАТТУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУ

КРФМ

Мамлекеттик кызматкерлердин финансылык жана санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле алдамчылык схемаларын алдын алуу боюнча чараларды бекемдөө максатында 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Киберкылмыштуулук жана алдамчылык” темасында лекциялык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Алтынчы башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусу менен уюштурулду. Лекциянын жүрүшүндө киберкылмыштуулуктун заманбап тенденциялары, интернет-алдамчылык ыкмалары, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо боюнча практикалык сунуштамалар каралды.

            Финансылык каражаттарды мыйзамсыз түрдө алууга багытталган схемаларды аныктоо жана алдын алуу маселелерине, ошондой эле фишингдик чабуулдарга, социалдык инженердик ыкмаларга жана башка киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү механизмдерине өзгөчө көңүл бурулду.

            Катышуучуларга практикалык мисалдар сунушталып, электрондук документтер, онлайн-төлөмдөр жана кызматтык кат алышуулар менен иштөөдө этият болуу боюнча кеңештер берилди.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги финансылык коопсуздукту бекемдөөгө жана кызматкерлердин коррупцияга, алдамчылыкка жана киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча кесиптик компетенцияларын жогорулатууга багытталган окутуу иш-чараларынын комплексин мындан ары да ишке ашырууну улантат.

1 сүрөттөр

0.00MB

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
439

Окшош жаңылыктар