Menu
Тренддер

2023-ЖЫЛДЫН 1-КВАРТАЛЫНДАГЫ КОНСОЛИДАЦИЯЛАНГАН БЮДЖЕТ
2023-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстары 2022-жылдагы иш жүзүндөгү кирешелерден 13,8%га же 61 млрд сомго көбөйүү менен 503,4 млрд сом суммасында болжолдонууда.
2023-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүсү 352,3 млрд сом өлчөмүндө болжолдонууда, 2022-жылдагы иш жүзүндөгү түшүүлөргө салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин кирешелери 17,2%га же 51,7 млрд сомго көбөйөт.
Бюджеттин кирешелеринин негизги бөлүгүн салыктык кирешелер түзөт. 2023-жылга салыктык түшүүлөр 289,0 млрд сом өлчөмүндө болжолдонууда. 2022-жылга салыштырмалуу салыктык түшүүлөр 26,2%га же 60,1 млрд сомго көбөйөт.
2023-жылы мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 43,5 млрд сом, расмий трансферттердин түшүүсү 19,8 млрд сом өлчөмүндө каралууда.
2023-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча консолидацияланган бюджеттин ресурстарынын тез темп менен өсүшү байкалууда. Алсак, консолидацияланган бюджеттин ресурстары Борбордук казыналыктын алдын ала маалыматтары боюнча 121,0 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,1%га же 28,0 млрд сомго көбөйгөн.
Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 74,2 млрд сомду түзүп, план 110,1%га аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда жалпы кирешенин көлөмү 24,7%га же 14,7 млрд сомго өскөн.
КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджетке 40,0 млрд сомдук салыктар жана төлөмдөр түшүрүлүп, пландык көрсөткүч 101,3%га аткарылган. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда салык кызматы тарабынан тескелген кирешелер 10,0%га же 3,7 млрд сомго көбөйгөн.
КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 20,7 млрд сомдук бажы салыктары жана төлөмдөрү аткарылып, пландык көрсөткүч 105,0%га аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажы кызматы тарабынан тескөө боюнча түшкөн кирешелер 6,5 миллиард сомго же дээрлик 1,5 эсеге көбөйгөн.
2023-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 12,1 млрд сомду же пландын 172,9%ын түздү. Өткөн жылдын тиешелүү деңгээлине карата салыктык эмес кирешелер 5,0 млрд сомго же дээрлик 1,7 эсеге көбөйгөн.
Каралып жаткан мезгил ичинде алынган расмий трансферттердин түшүүсү 1,9 млрд сомду түздү.