Menu
Тренддер
ЕВРАЗИЯНЫН ЭКОНОМИКАЛЫК КОМИССИЯСЫНЫН КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КОМИТЕТИНДЕ КРдин СУНУШУ КОЛДООГО АЛЫНДЫ
Астанада Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү тарабынан электрондук санариптик кол тамганы өз ара таануу жана мамлекеттик сатып алууларды санариптештирүү маселелери талкууланды.
Консультативдик комитеттин отурумунда Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Календеров жана КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Б.Досалиев катышты.
Отурумдун жүрүшүндө электрондук санариптик кол тамгаларды өз ара таануу, мүчө мамлекеттердин потенциалдуу жеткирүүчүлөрүн мамлекеттик сатып алууларга катышууга киргизүүнү автоматташтыруу маселелери жана ЕАЭБ алкагындагы эл аралык келишимдердеги мониторингдин натыйжалары, мамлекеттик сатып алуулар үчүн товарлардын айрым түрлөрүн аныктоо талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Календеров “жашыл” сатып алуу институтуна байланыштуу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана сатып алуу келишимин түзүү үчүн заказчынын сатып алууда келишим түзүү функцияларын уюштуруучуга өткөрүп берүү жөнүндө бир катар сунуштарды демилгеледи.
КР Финансы министринин орун басары “туруктуу мамлекеттик сатып алуулар” жана “жашыл мамлекеттик сатып алуулар” сыяктуу популярдуу багыттарга көңүл бурду. “ЕАЭБ өлкөлөрүндө жана мамлекеттердин регионалдык деңгээлинде “туруктуу мамлекеттик сатып алуулар” деген түшүнүк жок. Ар бир өлкөнүн туруктуу мамлекеттик сатып алуулар боюнча өзүнүн концепциялары жана мыйзамдары болот”, - деди У.Календеров.
Мындан тышкары, сатып алууларды уюштуруучуга сатып алуу келишимин (контракт) түзүү боюнча заказчынын функцияларын өткөрүп берүү менен, сатып алууларды кеңейтүү жолу менен арзандатылган баада товарларды ылдам сатып алууга мүмкүндүк берет. Ошону менен катар бир кардар менен келишим түзүүгө мүмкүндүк берип, товарларды жеткирүүдө олуттуу финансылык, салыктык жана бажылык чыгымдарды жокко чыгарат.
Отурумдун жыйынтыгында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бир добуштан кабыл алынган чечими менен Кыргыз Республикасынын сунуштары мындан ары эксперттик деңгээлде кароо үчүн колдоого алынды.
6 сүрөттөр
0.00MB