КРЕДИТТИК ЛИНИЯНЫ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНҮН/ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ БӨЛҮМҮНҮН СОЦИАЛДЫК ЖАНА ЭКОЛОГИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА КООРДИНАТОРУ

КРЕДИТТИК ЛИНИЯНЫ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНҮН/ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ БӨЛҮМҮНҮН СОЦИАЛДЫК ЖАНА ЭКОЛОГИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА КООРДИНАТОРУ

КРФМ

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кредиттик линияны башкаруу бөлүмү (КЛББ)/Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү (ДИБ) Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) жана Азия инфраструктуралык ннвестициялар банкы (АИИБ) каржылаган бир нече: “Жеке жана финансылык секторду шашылыш колдоо”, “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу”, “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү”, “Кыргыз Республикасында МЧОИ үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү” долбоорлорун ишке ашырууда.

Кыргыз Республикасынын финансы министринин жетекчилиги алдында жана Дүйнөлүк банк менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы макулдашылган жол-жоболорго ылайык КЛББ/ДИБ координациялоо, фидуциардык башкаруу, сатып алуулар, мониторинг жүргүзүү жана баалоо, ошондой эле социалдык жана экологиялык стандарттарды, отчеттуулук функцияларын сактоо үчүн жооп берет.

Долбоорлорду бир кыйла натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу, процесстин негизги катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу, ошондой эле экологиялык жана социалдык багыттарды башкарууга талаптарды жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги каражаттардын бир бөлүгүн консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө пайдаланууга ниеттенүүдө.

Толук маалыматты төмөндө тиркелген Техникалык тапшырмадан алууга болот.

Министрлик жогоруда баяндалган кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жеке консультанттарды өз кызыгуусун билдирүүгө чакырат. Кызыкдар адамдар жогоруда аталган зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн зарыл болгон квалификацияга жана тиешелүү тажрыйбага ээ болгондугун көрсөткөн маалыматты (резюме) берүүгө тийиш.

Бул тапшырманы аткаруу үчүн потенциалдуу Консультант төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:

  • Тиешелүү жогорку билими же магистр даражасы (экология, биология, геология, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы башкаруу жана инженерия, социология, укук же ушул сыяктуу жаатар);
  • Ушул сыяктуу кызмат ордунда/тармакта 10 жылдан кем эмес иш стажы; 
  • Дүйнөлүк банктын кредиттик линияларынын алкагында
    социалдык-экологиялык инструменттерди (ЭСМП, ӨТӨП, ЭРБП, АСЧБС, ДКМ ж.б.) иштеп чыгуу тажрыйбасы;
  • Долбоорлордун портфелинин жана финансылык ортомчулардын чакан долбоорлорунун социалдык-экологиялык тобокелдиктерине жана таасирлерине мониторинг жүргүзүү жана башкаруу тажрыйбасы, ошондой эле Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун кредиттик линияларынын портфелинин тобокелдигине мониторинг жүргүзүү;
  • Курчап турган чөйрөнү коргоо, эмгек укуктары жана эмгекти коргоо жаатындагы улуттук мыйзамдарды билүү;
  • Дүйнөлүк банктын социалдык-экологиялык стандарттарын билүү;
  • Эл аралык донордук уюмдар тарабынан каржыланган долбоорлордогу тажрыйба; 
  • Эмгекти коргоо жана коопсуздук техника жаатындагы сертификатынын болушу артыкчылыктуу болот.

Кызыкдар Консультанттардын көңүлү Дүйнөлүк банктын кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө саясаты баяндалган 2023-жылдын сентябрында кабыл алынган (Сатып алуу эрежелери, бешинчи басылышы) редакциядагы “Инвестициялык долбоорлорду – товарларды, жумуштарды, консультациялык эмес жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну каржылоонун карыз алуучулары үчүн Сатып алуу эрежелеринин 3.14 жана 3.21-параграфтарына бурулат.

Консультант Сатып алуу эрежелеринде баяндалган жеке консультанттарды тандоо методуна ылайык тандалат.

Бир кыйла толук маалымат майрам күндөрүн кошпогондо, дүйшөмбүдөн жумага чейин иш убактысында (9:00-18:00) төмөндө көрсөтүлгөн дарек боюнча берилиши мүмкүн.

Кызыгууну билдирүү жазуу жүзүндө (өз колу менен же электрондук почта аркылуу) төмөнкү дарек боюнча 2025-жылдын 30-октябрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

Дарек:

КР Финансы министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү.

720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек, Чүй проспекти 114, 402-кабинет.

Тел: +701059305

E-mail: office@piu.kg

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
407

Окшош жаңылыктар