Menu
Тренддер
КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.БАКЕТАЕВДИН 2025-ЖЫЛДЫ ЖЫЙЫНТЫКТАГАН КАЙРЫЛУУСУ
КРФМ
2025-жыл Кыргыз Республикасынын финансылык системасы үчүн өзгөчө ийгиликтүү болду. Экономика бекемделип, мамлекеттик кирешелердин көлөмү өстү, бюджеттин туруктуулугу камсыздалып, өлкө жаңы жылды күчтүү финансылык негиз менен тосуп жатат.
Узак мөөнөттүү максаттарга багытталган мамлекеттик саясат, натыйжалуу башкаруу жана санариптик каржылоо экономикадагы өсүшкө өбөлгө болду.
2025-жылдын финансылык жыйынтыктары:
– Консолидацияланган бюджеттин ресурстары 1 093,1 млрд сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 384,2 млрд сомго же 154,2%га көбөйдү. Республикалык бюджет 939,0 млрд сомго жетип, бекитилген бюджетке салыштырмалуу 352,9 млрд сомго өстү.
– Салыктык кирешелер 49,9 млрд сомго же 113,8%га өстү. Салыктык эмес кирешелер 56,2 млрд сомдон 172,4 млрд сомго жетти.
Экономиканын ички активдүүлүгү күчөдү. Өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү тармактарында туруктуу өсүш катталып, жалпы экономикалык динамика жогорулады. Бюджеттик саясаттагы ачыктыктын жана салык-бажы башкаруунун жакшыртылышы финансылык тартипти чыңдап, ресурстардын көбөйүшүнө өбөлгө түздү.
2025-жыл Кыргызстан үчүн финансылык жактан ишенимдүү, экономикалык өсүштүн жаңы этабы болуп калды. Өлкө жаңы жылга бекем экономика, туруктуу финансылык база жана жаңы мүмкүнчүлүктөр менен кирип жатат.
Алдыдагы максаттар – экономикалык туруктуулукту сактоо, мамлекеттик ресурстардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандарга финансылык пайда алып келе турган ишенимдүү саясатты улантуу.
Терең урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Финансы министри
Алмаз Кушбекович Бакетаев