КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Р.Татиков жана “Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун директору 11 коммерциялык өнөктөш банктардын жетекчилери менен өз убагында жана тоскоолдуксуз пайызсыз кредиттерди ишкерлерге берүү боюнча жыйын өткөрүштү.

 

Бул долбоорго коммерциялык банктарда каражаттын жетишсиздиги боюнча Финансы министрлигине ишкерлер тарабынан келип түшкөн кайрылуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Р.Татиков өнөктөш банктарга өз кардарларына туура эмес маалымат бербөөнү жана каржылоону филиалдар арасында тезирээк бөлүштүрүүнү эскертти.

Өз кезегинде банк өкүлдөрү каржылоодо эч кандай кечиктирүүлөр жок деп ишендиришти, бирок долбоордун талаптарына ылайык эмес жеке ишкерлерге берилген эмес экенин кабарлашты.

Мындан тышкары, Финансы министрлиги коммерциялык банктарга патенттин негизиндеги ишкерлердин мурунку тажрыйбасын эске алуу жана пайызсыз кредиттерди берүү боюнча эсепке алуу системасына маалыматтарды өз убагында киргизүүнү эскертти.

Жыйындын соңунда Р.Татиков 1 жана 2-категориядагы каражаттардын активдүү өздөштүрүлүшүнө байланыштуу долбоорду эртерээк бүтүрүү мүмкүндүгүн билдирди.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
796

Окшош жаңылыктар