Menu
Тренддер
Мамлекеттик сатып алуулар Порталы менен кыскача таанышуу курсу
2022-жылдын 27-августунда КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун базасында КР Финансы министрлиги менен КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти биргеликте уюштурулган Мамлекеттик сатып алуулардын жаңы жол-жоболору жана Мамлекеттик сатып алуулар Порталы менен кыскача таанышуу курсу болуп өттү.
Саламдашуу сөздү КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Төрөбаев Бакыт Эргешович сүйлөдү. Ал мамлекеттик сатып алуулар тармагына иновациялык системаларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрүнүн, бул багыттагы иш чаралардын, ошондой эле ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо зарыл экендигин белгилеп өттү.
Бул иш чарада КР финансы министринин орун басары У.И.Календеровдун жетекчилиги менен Кыргыз Республикасындагы ар кандай министрликтердеги министрлердин орун басарлары, жетекчилер, директорлор жана министрликтерге жана ведомстолорго караштуу мамлекеттик сатып алуулар бөлүмдөрүнүн жана секторлорунун башчылары, ошондой эле тогуз кластердик бирикменин жетекчилери: “Дан”, “Өсүмдүк майы”, “Алма өндүрүү”, “Жашылча жана жемиш”, “Картофель”, “Эт өндүрүү жана кайра иштетүү” ж.б. 42 катышуучу тажрыйба алмашты.
Курстун катышуучулары КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун мамлекеттик сатып алуулар бюнча эксперттери жана тренерлери Уланбек уулу Дастанбекке, С.Р.Абдымомуновага, А.С.Шакитовго кызыккан суроолорун беришип, алардан кенен түшүндүргөн жоопторду алышты.
4 сүрөттөр
4.71MB