Menu
Тренддер
Агроөнөр жай комплексин кредиттөө
Аталган долбоор КРдин Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы жарлыгы жана КРдин Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 18-апрелиндеги чечимине ылайык ишке ашты.
Дыйкандарды жеңилдетилген насыя менен камсыздоо максатында «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоору иштелип чыкты. Мындан улам, агроөнөр жай тармагын каржылоого 10,0 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүү пландаштырылууда, анын 5,5 млрд сому «Айыл Банк» ААКсын капиталдаштырууга, 4,5 млрд сому «РСК Банк» ААКсына бөлүнөт.
Учурда «Айыл Банк» ААКсын капиталдаштырууга 1,7 млрд сом жана «РСК Банк» ААКсына 1,7 млрд сом суммасында каражат берилди. Жалпысынан бүгункү күндө 3,4 млрд сом болүндү.