КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ АЛМАЗ БАКЕТАЕВ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ ЖЕҢИШ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ!

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ АЛМАЗ БАКЕТАЕВ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ ЖЕҢИШ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ!

Сиздерди Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!

 

9-Май - биздин тарыхыбыздагы ыйык жана унутулгус күн. Бул күн эркиндикти жана тынчтыкты коргоп, жанын аябаган аталарыбыздын, апаларыбыздын эрдигин эскерүү күнү. Сиздердин эрдик жана кайратмандыгыңыздар - муундарга үлгү болуп, элибиздин жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Биз Сиздерге тынчтык, эркиндик жана жаркын келечек тартуулаган баа жеткис эмгегиңиздер үчүн терең таазим этебиз.

Жеңиш күнү ар дайым тынчтыктын, биримдиктин жана ынтымактын символу бойдон кала берсин! Ар бириңиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана бейпил турмуш каалайм.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
953

Окшош жаңылыктар