Menu

Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Бакетаев Курман айт майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Бакетаев Курман айт майрамы менен куттуктады

Урматтуу момун мусулмандар!

 

Сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен жеке өзүмдүн жана Финансы министрлигинин жалпы жамаатынын атынан чын дилимден куттуктайм!

Бул касиеттүү майрам адамзаттын асыл сапаттары болгон ыймандуулукту, кайрымдуулукту, сабырдуулукту жана боорукерликти даңазалап, коомубузда тынчтыкты, биримдикти жана тилектештикти бекемдөөгө багытталган.

Урматтуу бир туугандар!

Бул ыйык майрам ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубат жашоо тартуулап, коомубузда ынтымакты, биримдикти жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдесин.

Терең урматым менен,
Кыргыз Республикасынын Финансы министри 
А.К.Бакетаев

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
2184

Окшош жаңылыктар