КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН ЯПОНИЯ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮДӨ: 900 МЛН ИЕН СУММАСЫНА МАКУЛДАШУУЛАРГА КОЛ КОЮЛДУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН ЯПОНИЯ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮДӨ: 900 МЛН ИЕН СУММАСЫНА МАКУЛДАШУУЛАРГА КОЛ КОЮЛДУ

КРФМ

 

2025-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Япония Өкмөтү жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосунда макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү.

Документтер саламаттыкты сактоо жана билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган 900 млн иен суммасы  эки артыкчылыктуу долбоорду камтыйт:

 - Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (500 млн иен): медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн заманбап медициналык жабдууларды жеткирүү;

- JDS стипендиялык программасы (399 млн иен): Япониянын жогорку окуу жайларынын магистратурасында жана докторантурасында КРнын 20 мамлекеттик кызматкерин окутуу;

Макулдашуулар Кыргыз Республикасы менен Япониянын туруктуу өнүгүүгө, адамдык потенциалды чыңдоого жана экономиканын негизги секторлорун  модернизациялоо багытындагы биргелешкен аракеттерин бекемдейт. Долбоорлорду ишке ашыруу 2025-жылдан башталат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
586

Окшош жаңылыктар