Menu

Кыргыз Республикасы Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен кызматташууну чыңдоодо

Кыргыз Республикасы Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен кызматташууну чыңдоодо

КРФМ

Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы жыйындарынын алкагында Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл энергетика жана транспорт тармактарындагы стратегиялык мааниге ээ долбоорлорду ишке ашырууга бурулду.

Туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу долбоорун илгерилетүүгө, ошондой эле транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, анын ичинде Каракол – Эңилчек автомобиль жолун модернизациялоого өзгөчө басым жасалды.

Тараптар бул демилгелер өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого, аймактык байланыштарды жакшыртууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү стимулдаштырууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча конструктивдүү диалогду улантууга жана практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө өз ара даярдык ырасталды.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
488

Окшош жаңылыктар