КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ДҮЙНӨЛҮК БАНК МЕНЕН 101,5 МЛН АКШ ДОЛЛАРЫ ӨЛЧӨМҮНДӨ БЮДЖЕТТИК КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛООДО

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ДҮЙНӨЛҮК БАНК МЕНЕН 101,5 МЛН АКШ ДОЛЛАРЫ ӨЛЧӨМҮНДӨ БЮДЖЕТТИК КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛООДО

КРФМ

 

            2025-жылдын 8-майы - Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү менен Дүйнөлүк банктын ортосунда расмий сүйлөшүүлөр болуп өттү. Жолугушууда эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты бекемдөөгө жана жаңы бюджеттик колдоо программасын ишке ашырууга байланыштуу маселелер каралды.

            Сүйлөшүүлөрдүн алкагында жалпы суммасы 101,5 млн АКШ долларын түзгөн колдоо каражатын тартуу боюнча макулдашууга жетишүү каралууда. Анын ичинен 100 млн доллар «Өнүгүү саясатын колдоо операциясы» (DPO) аркылуу бөлүнмөкчү. Бул каражат макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга, жеке секторду өнүктүрүүгө, мамлекеттик башкарууну жакшыртууга жана социалдык инклюзивдүүлүктү күчөтүүгө багытталат.

            Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк банкка көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул көмөк мамлекеттик реформаларды ишке ашырууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргызстандагы реформаларга жогору баа берип, мындан аркы кызматташтыкка даяр экендиктерин билдиришти.

            Жаңы программа өлкөнүн фискалдык туруктуулугун бекемдөөгө, экономиканы санариптештирүүгө жана туруктуу, инклюзивдүү өсүштү камсыз кылууга шарт түзөт деп күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
1043

Окшош жаңылыктар