Menu
Тренддер

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ОПЕК ФОНДУ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮ ПЕРСПЕКТИВАЛАРЫН ТАЛКУУЛАДЫ
МФКР
Венада ОПЕК фондун өнүктүрүү боюнча IV форум болуп өттү, анын алкагында Кыргыз Республикасынын финансы министри Алмаз Бакетаев ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун президенти доктор Абдулхамид аль-Халифа менен жолугушту.
Жолугушунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Анын ичинде макроэкономикалык туруктуулукту колдоо, суу менен камсыздоо жана санитария системаларын өнүктүрүү, транспорттук инфраструктураны модернизациялоо, ошондой эле Фонддун энергетикалык долбоорлорго катышуу мүмкүндүгү каралды.
Талкуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен ОПЕК фонду ортосунда туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө узак мөөнөттүү кызматташтыкты чыңдоого багытталган Өнөктөштүк боюнча рамкалык макулдашуунун алкагында өттү.
Финансы министри А.Бакетаев көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын келечекте айрыкча социалдык мааниси бар жана инфраструктуралык долбоорлор боюнча өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүгө, өзгөчө социалдык маанилүү жана инфраструктуралык демилгелер чөйрөсүндө кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.


2 сүрөттөр
0.00MB