Menu
Тренддер
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫТАЙ МЕДИЦИНА ЖАНА ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ИНФРАСТРУКТУРАНЫ ӨРКҮНДӨТҮҮ БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙДУ
КРФМ
19-январда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Б. Ажикеев, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин биринчи орун басары Р. Суйналиев жана Кытай Эл Республикасынын “Sino Pharmaceutical Equipment Development Co., Ltd / Sinoped International Co., Ltd” корпорациясынын жетекчилиги үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Талкуулардын жыйынтыгында Кыргызстандагы лабораториялык жана медициналык инфраструктураны өркүндөтүүгө багытталган кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюлду.
Жолугушууда заманбап медициналык жана лабораториялык жабдууларды киргизүү, медицина, фармацевтика жана лабораториялык диагностика багытында адистерди даярдоону жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири талкууланды. 40 заводду бириктирген кытай корпорациясы Кыргыз Республикасын жогорку технологиялуу медициналык жабдуулар менен камсыздоого даяр экенин билдирди.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ролу өзгөчө мааниге ээ. Министрлик «МедВетСити+» ААКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары өлкөнүн биологиялык жана технологиялык коопсуздугун чыңдоого багытталган бул демилгеге институттук жана каржылык колдоо көрсөтөт. Бул лабораториялык инфраструктураны тездетилген темпте жаңылоого шарт түзөт.
Меморандумга кол коюу – Кыргызстанда заманбап, туруктуу жана технологиялык жактан камсыздалган саламаттыкты сактоо системасын калыптандыруу жолундагы маанилүү кадам болду.
1 сүрөттөр
0.00MB