Menu
Тренддер
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КОРЕЯ МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ТАРМАГЫНДАГЫ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙДУ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Корея Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар кызматынын ортосунда Мамлекеттик сатып алуулар жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.
КР Финансы министринин орун басары Э.Калдыбаев Корея Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар кызматынын делегациясын баштаган Ректору Лик Ки Кын менен электрондук мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү чөйрөсүндө келечектеги кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Меморандумдун негизги максаты мамлекеттик сатып алууларды башкарууну өркүндөтүү максатында биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.
Биргелешкен иштин предмети болуп тажрыйба алмашуу, окутуу, консультацияларды берүү жана керектүү технологияларды колдоо, электрондук сатып алуулар системасын түзүү жана өркүндөтүү боюнча маалымат алмашуу болуп саналат. Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу жаатында алдыңкы практиканы жайылтууга көмөктөшүү.
Тараптар заманбап стандарттарга ылайык электрондук сатып алуулар тутумунун иштешин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулардын бизнес-процесстерин өркүндөтүү зарылдыгын белгилешти.
Дүйнөнүн тогуз өлкөсүндө негизделген, Кыргызстандагы KONEPS электрондук сатып алуулар системасынын тажрыйбасы мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатат деп күтүлүүдө, бул Кыргыз Республикасында электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасын ишке ашыруу максатында мамлекеттик кызматтарды электрондук формада көрсөтүүнү өнүктүрүүгө пайда алып келет.