Тренддер
Кыргызстан жана Дүйнөлүк банк мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы реформаларды талкуулашты
КРФМ
Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун жазгы жыйындары алкагында Дүйнөлүк банктын аймактык менеджери Фелипе Гойя менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттик сатып алуулар системасын реформалоо жана мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бюджеттик колдоо алкагындагы чаралар толук көлөмдө жана өз мөөнөтүндө аткарылганы белгиленди. Анын ичинде «бирдиктүү терезе» системасын киргизүү, түз келишимдердин санын кыскартуу жана даттанууларды кароо механизмин күчөтүү иштери жүргүзүлгөн.
Ошондой эле 2026–2028-жылдарга мамлекеттик сатып алуулар стратегиясын иштеп чыгуу жана жаңы электрондук платформаны ишке киргизүү пландары каралды.
2 сүрөттөр
0.00MB