Кыргызстан Кувейт мамлекети менен кызматташууну бекемдөөдө

Кыргызстан Кувейт мамлекети менен кызматташууну бекемдөөдө

2023-жылдын 6-мартында КР Финансы министри А.Бакетаев Кувейт Мамлекетине болгон иш сапарынын алкагында Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун директорунун милдетин аткаруучу Валид Шамлян Ахмад Аль-Бахари мырза менен жолугушту.

Жолугушууда А. Бакетаев Кыргыз Республикасына экономикалык реформаларды жүргүзүүдө, өлкөнүн инфраструктурасын модернизациялоодо жана жакшыртууда өз убагында колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Фондго ыраазычылык билдирди. 

Ошондой эле, министр 2022-жылдын 3-4-августунда Чолпон-Ата шаарында ийгиликтүү өткөн Араб координациялык тобунун төртүнчү жыйынына активдүү катышкандыгы үчүн Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймактарын суу менен камсыздоо долбоору карады. Анда министр «Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдарын таза суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын өнүктүрүү» долбоору ишке ашырылып жаткандыгын билдирди.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2482