БЮДЖЕТТЕР АРАЛЫК ТРАСФЕРТТЕР  2024-ЖЫЛДЫН 6 АЙЫНДА ЧҮЙ ОБЛУСУНА 1,3 МЛРД СОМ КАРЖЫЛАНДЫ

БЮДЖЕТТЕР АРАЛЫК ТРАСФЕРТТЕР 2024-ЖЫЛДЫН 6 АЙЫНДА ЧҮЙ ОБЛУСУНА 1,3 МЛРД СОМ КАРЖЫЛАНДЫ

Чүй облусу боюнча 2024-жылдын 6 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 311,2  млн. сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинен:

 

  1. Теңдөөчү трансферт – 130,3 млн. сом каржыланган,
  2. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (МКК эмгек акысы) –1,9 млн.сомго каржыланган,
  3. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (статисттин эмгек акысы) – 15,5 млн.сомго каржыланган,
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, 50 пайыз компенсация төлөөгө каржыланган;– 0,9 млн. сом каржыланган.

Мындан тышкары, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) бюджеттик мекемелеринин электр энергиясына кеткен чыгымдарды  каржылоого республикалык бюджеттен  - 162,6 млн. сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле, 2024-жылдын 8-апрелинде №140-р Тескемесине ылайык Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө 500,0 млн. сом, каржыланды жана 2024-жылдын 8-апрелинде №139-р Тескемесине ылайык Токмок шаарын өнүктүрүүгө 500,0 млн. сом, каржыланды

 Жалпы – 1 311,2 млн. сом

 

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
860

Окшош жаңылыктар