КИМБЕРЛИ ПРОЦЕССИНИН ЭЛ АРАЛЫК СЕРТИФИКАТТОО СИСТЕМАСЫ

КИМБЕРЛИ ПРОЦЕССИНИН ЭЛ АРАЛЫК СЕРТИФИКАТТОО СИСТЕМАСЫ

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы  Кимберли процессинин эл аралык сертификаттоо системасынын толук кандуу мүчөсү.

Кимберли процессинин негизги милдети - мыйзамсыз казылып алынган жана аймактык кагылыштарды каржылоого багытталган конфликттик алмаздардын дүйнөлүк рынокко жана эл аралык террористтик топторго киришине каршы туруу.

Кыргыз Республикасынын Кимберли процессине кошулуусу менен төмөнкүлөр мүмкүн болду:

  • Кыргыз Республикасынын аймагына конфликттик бриллианттарды киргизбөө - башкача айтканда, одоно алмаздарды көзөмөлдөө;
  • чийки табигый алмаз менен сооданы ишке ашыруу - чийки алмаз менен соода жүргүзүү үчүн чарба жүргүзүүчү субъекттердин пайда болушу, бул салыктар аркылуу мамлекеттик бюджетке кошумча акча каражаттарынын келип түшүүсүнө алып келет;
  • алмаз кесүүчү (кайра иштетүүчү) ишканаларды түзүү – муну менен катар жаңы жумуш орундарын түзүү.

Маалымат үчүн: Кимберли процесси – бул эл аралык өкмөттөр аралык демилге, анын максаты дүйнөлүк рынокко мыйзамсыз казылып алынган «кандуу» же «чатак» деп аталган алмаздардын, асыл таштардын –киришине каршы туруу. Себеби андан түшкөн каражаттар менен аймактык кагылышуулар жана эл аралык террористтик топтор каржыланат.
 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
1243