МИНФИН: ИШКЕРЛЕРГЕ ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯ БЕРҮҮ БЕЛГИЛЕНГЕН ГРАФИКТЕН ЭРТЕ БОЛУУДА

МИНФИН: ИШКЕРЛЕРГЕ ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯ БЕРҮҮ БЕЛГИЛЕНГЕН ГРАФИКТЕН ЭРТЕ БОЛУУДА

Финансы министрлиги Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржылган “Чакан, кичи жана орто бизнеске ыкчам колдоо” долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун жалпы суммасы кошумча каржылоону кошкондо 150 млн. долларды түзөт, анын ичинен:

1-компонент, кайтарылуучу каржылык жардам —  111,75 млн. доллар
2-компонент, портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизми — 32 млн. доллар
Башкача айтканда, ишкерлер 11 комерциялык банк аркылуу 111,75 млн. доллар өлчөмүндө каржылык жардамды ала алышат. Долбоор Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2027-жылдын июль айына чейин ишке ашырылат.
Чакан, кичи жана орто ишкерлер үчүн 1-компонент, кайтарылуучу каржылык жардамдын алкагында категориясына жараша 36 айга чейин 1 млн сом жана 3 млн сомго чейин пайызсыз насыя берүү каралган. 
Долбоордун алкагында 2023-жылга карата республикалык бюджетке 2 млрд. сом каржылоо максатында бөлүнгөн. Каржылоо башталгандан бери (2021-жылдын октябры) 6200 ишкер үчүн 4,091 млрд. сом (47,028 млн. доллар) бөлүнгөн. Каражатты өздөштүрүүнүн жогорку темпин эске алуу менен жана пайызсыз насыяларды берүү белгиленген убактан эрте жүрүп жатканын эске алып, Финансы министрлиги тарабынан 2023-жылга карата республикалык бюджетке өзгөртүү киргизүүдө. 
Өз кезегинде Финансы министрлиги менен комерциялык банктардын ортосундагы келишимге ылайык, долбоор боюнча банктарга каражат арыздардын негизинде ай сайын которулат. Анткен менен, долбоордун каражаттарын рационалдуу пайдалануу максатында, которула турган сумманын көөлөмү банк буга чейинки бөлүнгөн акчаны кандай өздөштүргөнүнөн көз каранды болот. 
Иш жүзүндө долбоор боюнча пайызсыз кредиттерди берүү үчүн потенциалдуу карыз алуучуларды талдоо жана баалоодо өнөктөш банктар Улуттук банктын жоболорун жана нускамаларын, коммерциялык банктын ички нормативдик документтерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнунда бекитилген “Банктар жана банктардын иш алып баруусу жөнүндө” мыйзамын эске алат. Пайызсыз кредит берүүдөн баш тартуунун негизги себептери болуп насыя тарыхынын начардыгы, зарыл документтердин жана күрөөнүн жоктугу саналат.

2-компонент портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизминин алкагында (мындан ары ПТБМ) Финансы министрлиги «Кепилдик фонд» ААК менен биргеликте чакан, кичи жана орто ишканаларга кепилдиктерди берүү боюнча келишим түздү. Бүгүнкү күндө бул тармакка 1,305 млрд. сом (15 миллион доллар) бөлүнгөн.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2554