КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ I - ЖАРЫМ ЖЫЛДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ I - ЖАРЫМ ЖЫЛДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

2024-жылдын январь - майы үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы

 

Республикалык бюджет 201 028,2 млн.сом суммасындагы жыйынды кирешелердин жана 170 381,8 млн.сом суммасындагы жыйынды чыгымдардын негизинде 30 646,6 млн.сом суммасында профицит менен аткарылды. Өткөн 2023- жылдын  январь-июнь айларында профицит  2 281,8 млн.сом өлчөмүндө түзүлгөн.

Киреше бөлүгүн аткаруу

2024-жылдын январь-июнь айларында республикалык бюджетке жыйынды кирешелеринин жалпы көлөмү белгиленген план боюнча 173 590,8 млн.сом болсо, иш жүзүндө 201 028,2 млн.сом түшкөн же пландык тапшырма 27 437,6 млн.сомго ашык аткарылган же планды аткаруу 115,8%ды түздү.  2023-жылга салыштырмалуу аткарылган кирешелер 25,2 %га же 40 411,7 млн.сомго көбөйгөн.    

Республикалык бюджетке салыктык кирешелери план боюнча 142 207,4 млн.сом өлчөмүн түзсө, иш жүзүндө 144 152,1 млн.сом суммасында аткарылган. Такталган план 1 944,6 млн.сом суммасында ашыгы менен аткарылган. 2023-жылдын январь-июнь айларынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу салыктык кирешелердин көлөмү 21,8%га, же 25 836,1млн.сомго көбөйүү менен аткарылган.

  Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери план боюнча 84 107,3 млн.сомду түзсө, иш жүзүндө 84 532,7млн.сом өлчөмүндө, же план 100,5%га аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 15 014,6 млн.сомго көбөйгөн же 21,6% га көбөйүү менен аткарылган.

  Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрү январь-июнь айларында план боюнча 58 100,1 млн.сомду түзсө, иш жүзүндө 59 619,3млн. сомго аткарылган же пландык аткаруу 102,6 %ды түзүп, же пландан 1 519,2 млн. сомго көп аткарылган. Өткөн жылдын тиешелүү деңгээлине салыштырганда бажылык төлөмдөрдүн түшүүсү 22,2%га, же 10 821,5 млн.сомго көбөйгөн.

  Салыктык эмес түшүүлөр план боюнча 27 027,2 млн.сом  каралып, түшүүлөр иш жүзүндө 51 028,6  млн.сомду түздү. План 24 001,5 млн.сомго, же 188,8%га ашыгы менен аткарылган, өткөн жылга карата салыктык эмес кирешелердин түшүүсү 15 626,5 млн.сомго көбөйгөн,

  Мамлекеттик инвестицияларды эсепке алуу менен расмий трансферттердин түшүүлөрү 5 846,0 млн. сомду түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 1 051,6 млн. сомго азайган.

Чыгымдар бөлүгү

2024-жылдын январь–июнь айлары үчүн  республикалык бюджеттин жыйынды чыгымдарынын жалпы көлөмү план боюнча 171 747,4 млн.сомду түзсө, иш жүзүндө 170 381,8 млн.сом өлчөмүн түзүп, план 99,2%га аткарылган.

Социалдык маанилүү беренелер боюнча бюджеттик мекемелерден түшкөн табыштамалар толук көлөмдө  канааттандырылган.

Негизги бөлүктөр боюнча чыгымдардын түзүмү 2024-жылдын январь-июнь айларынын көрсөткүчтөрү 2023-жылдын январь-июнь айларынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу төмөнкүдөй түзүлдү:

  • жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат бөлүгү боюнча 62 599,4 млн.сом  багытталган, (жалпы чыгымдардын 36,7%ын түзөт ) 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 7 120,5 млн.сомго көбөйгөн;
  • коргоо, коомдук тартип жана коопсуздукка 23 267,8 млн.сом (жалпы чыгымдардын 13,7%ды түздү), 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 4 965,7 млн.сомго азайган;
  •  экономикалык маселелер боюнча – 27 341,1 млн.сом (жалпы чыгымдардын 16,0%ды түздү) 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 10 759,9 млн.сомго көбөйгөн;
  • айлана чөйрөнү коргоого – 1 124,5 млн.сом (жалпы чыгымдардын 0,7%ды түздү) 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 418,4 млн.сомго көбөйгөн;
  • турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө – 1 980,5 млн.сом (жалпы чыгымдардын 1,2%ды тузду) 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 333,6 млн.сомго көбөйгөн.

    Социалдык чөйрөгө республикалык бюджеттин чыгымдарынын салыштырма салмагы 31,7%ды же 54 068,7 млн.сом суммасын түздү, 2023-жылдын январь-июнь айларына менен салыштырганда 1 619,6 млн.сомго азайган. Алардын ичинен:

  • саламаттык сактоого – 3 873,0 млн.сом (жалпы чыгымдардын 2,3%ды түзду) 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 901,3 млн.сомго азайган;
  • эс алуу, маданият жана дин – 3 392,1 млн.сом (2,0%) 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 486,0 млн.сомго көбөйгөн;
  • билим берүү – 37 033,0 млн.сом (жалпы чыгымдардын 21,7 %ды түздү) 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 305,4 млн.сомго азайган;
  • социалдык коргоого – 9 770,7 млн.сом (5,7%) 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 899,0 млн.сомго азайган.

2024-жылдын январь-июнь айларынын аягына карата республикалык бюджеттин бардык калдыктары 22 153,7 млн.сомду түздү, алардын ичинен бюджеттик каражаттар 12 529,2 млн. сом, атайын каражаттар 9 624,4 млн.сом.

1 сүрөттөр

0.00MB

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
1058

Окшош жаңылыктар