Menu
Тренддер
КР ФИНМИНИ МАСШТАБДУУ ИШЕМБИЛИККЕ КАТЫШТЫ
КР Финансы министрлигинде Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алкагында финансы министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматкерлеринин жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн катышуусунда ишембилик болуп өттү.
Министрликтин жетекчилери анын ичинде министрдин орун басарлары, башкармалыктардын башчылары Эркиндик көчөсүндө жайгашкан аллеяны бойлото 320 көчөт отургузушуп, айлананы иретке келтиришти.
Мындан тышкары КР Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери Махатма Ганди көчөсүндөгү аймакты тазалап чыгышты.
Ишембиликтин катышуучулары 6 тонна таштанды чогултушту. Тазалоо иштерине Министрликтин 290 кызматкери катышып, жалпысынан 3,5 га аймак тазаланды
Тиркелген файлдар