КР ФИНМИНИ МАСШТАБДУУ ИШЕМБИЛИККЕ КАТЫШТЫ

КР ФИНМИНИ МАСШТАБДУУ ИШЕМБИЛИККЕ КАТЫШТЫ

КР Финансы министрлигинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагындагы "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнө байланыштуу, жана ошондой эле Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү.

     Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагындагы "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнө байланыштуу жана Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында финансы министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматкерлеринин, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана финансы министринин орун басары-Борбордук казыналыктын директору Үмүтжан Аманбаевдин жана санариптештирүү боюнча министрдин орун басары Эрнст Калдыбаевдин катышуусунда ишембилик болуп өттү.

Ишембилик Манас айылынын Жаңы-Пахта аймагында өткөрүлдү. Министрликтин кызматкерлери тарабынан 1000 көчөт отургузулуп,170ден ашык кызматкери тазалоо иштерин жүргүздү. Ошол эле учурда эки айлыктын алкагында жамааттын экинчи бөлүгү министрдин орун басарлары Улугбек Календеровдун жана Руслан Татиковдун катышуусунда Министрликтин борбордук аппаратынын аймагын тазалап чыгышты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
817