КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ОЛУТТУУ ДОЛБОРЛОРДУ ИЛГЕРИЛЕТҮҮ БОЮНЧА ИШТЕП ЖАТАТ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ОЛУТТУУ ДОЛБОРЛОРДУ ИЛГЕРИЛЕТҮҮ БОЮНЧА ИШТЕП ЖАТАТ

Министр А.Бакетаев КР Финансы министрлигинде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аймактык директору Айтен Рустамова жана ЕРӨБ Евразиядагы инфраструктура департаментинин башчысы Екатерина Мирошник менен жолугушту. Жолугушууда учурдагы инвестициялык долбоорлор боюнча маселелер талкууланды.

Алмаз Бакетаев Банкка учурда долбоорлорду макулдашуу боюнча Экономика жана коммерция министрлиги менен Финансы министрлигинен корутундуларды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Тараптар суу менен камсыздоо, коомдук транспорт, жол  жана “жашыл” экономиканы жакшыртуу долбоорлору боюнча кызматташууну макулдашты.

Маалымат үчүн: Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 1993-жылдан бери экономиканын түрдүү тармактарына 88 долбоорду инвестициялаган.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2519