Menu

КР Финансы министрлиги: мамлекеттик финансы тармагындагы реформалар улантылат

КР Финансы министрлиги: мамлекеттик финансы тармагындагы реформалар улантылат

КРФМ

Бишкекте "Кыргыз Республикасында туруктуу фискалдык башкаруу жана мамлекеттик башкаруу реформалары" аттуу эки күндүк семинар ишин баштады. Иш-чара Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) колдоосу менен уюштурулду.

 Семинарга КР Финансы министрлигинин, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, Башкы прокуратуранын, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин өкүлдөрү, ошондой эле өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр катышууда. 

КР Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов өз сөзүндө мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик финансы системасындагы реформаларды ишке ашырууда АӨБ менен кызматташуунун маанисин белгиледи. 

Анын айтымында, биргелешкен иш бюджеттик процесстин ачык-айкындуулугун жогорулатууга, институционалдык дареметти чыңдоого жана мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү реформаларды алдыга жылдырууга мүмкүндүк берди. 

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик финансыны жана мамлекеттик башкарууну туруктуу башкарууну өркүндөтүү программасын (SFMGIP) ишке ашыруунун жыйынтыктарын, анын ичинде мамлекеттик финансыны башкаруу, мамлекеттик сектор, салык саясаты жана коррупцияга каршы күрөшүү механизмдерин талкуулашууда. 

Фискалдык тобокелдиктерди башкаруу, салыктык башкарууну санариптештирүү, бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттарын киргизүү жана электрондук сервистерди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. 

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуунун мындан аркы артыкчылыктарын жана программадан кийинки мезгилде реформаларды улантуу боюнча кадамдарды аныктоо пландаштырылууда.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
827

Окшош жаңылыктар