КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ АЙМАКТАР МЕНЕН ТЫГЫЗ ИШТЕП ЖАТАТ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ АЙМАКТАР МЕНЕН ТЫГЫЗ ИШТЕП ЖАТАТ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кредиттик багытын башкаруу бөлүмү Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун кошумча каржылоо долбоорунун “Чарба деңгээлиндеги инвестициялар” компонентин (Айланма фонд) ишке ашырууну улантууда.

Долбоордун Айланма фондунун алкагында Кочкор районунун дагы төрт айылында мобилизациялык иштер жүргүзүлдү:

Кум-Дөбө айыл аймагы, Кум-Дөбө жана Акжар айылдары, ошондой эле Кочкор айыл аймагында Тендик жана Исакеев айылдары.

            Кум-Дөбө жана Акжар айылдарында 30-январь күнү аталган айылдардын жашоочулары, ошондой эле айыл аймагынын өкүлдөрү менен маалымат жыйыны болуп, ага 80 адам катышты.

            Теңдик жана Исакеев айылдарында 6-февралда маалымат жыйыны болуп, ага 59 адам, ошондой эле айыл аймагынан өкүлдөр катышты. Жолугушуулардын жыйынтыгында фермерлер менен долбоордун максаттары, милдеттери жана долбоордун бенефициарларынын талаптарга жооп берүү критерийлери тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2297