Финансы министрлиги ишкерлерге 8,2 млрд сом пайызсыз насыя берди

Финансы министрлиги ишкерлерге 8,2 млрд сом пайызсыз насыя берди

пайызсыз кредит

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кризиске каршы иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жана кризистик кырдаалга жооп кайтарууда чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо» долбоору ишке киришкен. 2022-жылдын сентябрь айынан баштап ишкерлер пайысыз насыя ала башташкан.

     Натыйжада, ишке кирген күндөн бүгүнкү күнгө чейин тагыраагы 2024-жылдын 1-декабрына карата пайысыз насыялардын суммасы 8 млрд 236 млн 330 миң 16 сомду түздү.   Аны 11 миң 130 ишкер алган. 

1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 9467 ишкерге 5 млрд 592 млн 684 миң 916 сом берилген.  

2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 663 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2 млрд 643 млн 545 миң 100 сомду түзгөн.  

Долбоор Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Маалымдама:

Долбоорго катышуу үчүн зарыл болгон критерийлер:

1-Категория - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иштеген, жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер.

2-Категория - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иш жүргүзгөн, жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар.

Айыл чарбасы каржыланбайт.

Валютасы: КР сом

Пайызы: 0% (пайызсыз)

Финансылык жардамды пайдалануу мөөнөтү: 36 айга чейин

Жеңилдетилген мезгилди берүү мүмкүнчүлүгү: 3 айга чейин

Каржылык жардамдын суммасы:

1-категория үчүн – 1 000 000 сомго чейин

2-категория үчүн - 3 000 000 сомго чейин

Керектүү документтердин тизмеси өнөктөш банктар менен такталышы мүмкүн.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

Ызаат
1407