Menu
Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ИШКЕРЛЕРДИ КОЛДОО ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ ӨТКӨРҮҮДӨ
Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы тарабынан каржыланган “Жеке жана каржы секторуна чукул арада колдоо” долбоорунун биринчи фазасын жыйынтыктоо алдында, финансы министринин орун басары Руслан Татиков, Дүйнөлүк банктан долбоордун жетекчиси Эмико Тодороки жана министрликтин насыялык линияны башкаруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева Ош облусунун ишкерлери менен жеринен жолугушту.
Жолугушууда ишкерлерге каржылык көмөктүн көргөзүлүшү, анын максаттуу колдонулушу жана кайтарым байланышты баалоо максатталган.
“Пайызсыз насыяны оңой алдым. Өндүрүштү токтотпой иштеткенге абдан жакшы көмөк болду”, — деди жеке ишкер Бааркан Жолонова.