Menu
Тренддер
Финансы министрлиги, Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын өкүлдөрү электр жылыткычтарды чыгарган заводго барышты
Финансы министринин орун басары Руслан Татиков Дүйнөлүк банктын жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банктын өкүлдөрү менен биргеликте Финансы министрлигинен "Микро, чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо" долбоору боюнча пайызсыз насыя алган электр жылыткычтарын чыгаруучу заводго барды.
"Электрофарфор" ЖЧКсынын негиздөөчүсү Александр Шипилов электр жылыткычтарын чыгаруунун бардык этаптарын көрсөттү. 1997-жылдан бери компания ички рынокту ийгиликтүү өнүктүрүп, продукцияны коңшу өлкөлөргө экспорттоодо. Ишкер мамлекеттен 3 миллион сом өлчөмүндө пайызсыз насыя алган. Каражат сырье жана материалдарды сатып алууга жумшалды. Ишкердин айтымында, долбоор анын ишканасына керектүү жабдуулардын тетиктерин бир жыл мурда дүңүнөн сатып алууга жардам берип, заводдун үзгүлтүксүз иштешине шарт түзгөн. Өз кезегинде Финансы министринин орун басары Руслан Татиков экспорттоочу компанияларды, ошондой эле өндүрүш тармагында иштегендерди колдоо министрликтин ишинин маанилүү багыты экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө Финансы министрлиги 8345 ишкерге жалпы суммасы 5 млрд 416 млн сом пайызсыз кредит берди. Бул жолугушуу долбоордун натыйжаларына орто мөөнөттүү баа берүүгө арналган миссиясынын алкагында өттү.
4 сүрөттөр
0.00MB