КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ИШКЕРЛЕРГЕ 6,03 МЛРД СОМ КАРАЖАТЫН (71,79 МЛН АКШ ДОЛЛАР) ПАЙЫЗСЫЗ КРЕДИТ ТҮРҮНДӨ КАРЖЫЛАДЫ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ИШКЕРЛЕРГЕ 6,03 МЛРД СОМ КАРАЖАТЫН (71,79 МЛН АКШ ДОЛЛАР) ПАЙЫЗСЫЗ КРЕДИТ ТҮРҮНДӨ КАРЖЫЛАДЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кризиске каршы чаралар планынын алкагында КР Финансы министрлиги тарабынан «Микро, чакан жана орто ишканалар» Долбоору ишке ашууда.

Долбоордун жалпы суммасы 108 млн АКШ долларын түзүп, 2027-жылдын июлуна чейин Кыргыз Республикасынын бардык аймагында ишке ашырылат.

2021-жылдан 2024-жылдын 1-февралына чейин Финансы министрлиги 9055 ишкерди жалпы суммасы 71,79 млн долларына каржылады. Бүгүнкү күндө каражаттын калдыгы 37,156 млн долларды түзөт.

Каражаттарды өздөштүрүүнүн жогорку темпин эске алуу менен долбоорду 2025-жылы жыйынтыктоо пландалууда.

Микро жана чакан бизнести каржылоонун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн КР Финансы министрлиги каржылоонун көлөмүн 100 миң сомдон 3 миллион сомго чейин көбөйттү.

MEGACOM уюлдук операторунун 5 миллиондон ашык колдонуучуларына СМС аркылуу пайызсыз насыялар тууралуу маалымат жиберилген. Финансы министрлиги өлкө боюнча системалуу түрдө маалыматтык иш-чараларды өткөрүп келет. Ишке ашыруу мезгилинде бизнес-коомчулук жана ассоциациялар, депутаттык корпус жана коммерциялык өнөктөш банктардын жетекчилиги менен тынымсыз жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушуулар тууралуу материалдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин https://www.minfin.kg  сайтында, ошондой эле https://www.facebook.com/profile.php?id=100072210138390  социалдык тармактардагы Долбоордун расмий баракчаларында жарыяланган.

Белгилей кетсек, Долбоордун алкагында коммерциялык банктарга акча каражаттарын которуу ай сайын жүргүзүлүп турат. Пайызсыз кредит берүүдөн баш тартуунун негизги себептери терс кредиттик тарых, зарыл документтердин жана күрөөнүн жоктугу саналат.

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Түзүлгөн

Сезим
1347