КР Финансы министрлиги төлөмдөр боюнча тандалган администраторлор үчүн онлайн семинар өткөрдү

КР Финансы министрлиги төлөмдөр боюнча тандалган администраторлор үчүн онлайн семинар өткөрдү

2023-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү (ДИБ) Zoom платформасында тандалган төлөм администраторлору (ТТА) үчүн онлайн семинар өткөрдү. Бул семинардын спикери ДИБнүн социалдык жана экологиялык маселелер боюнча консультанты Асылбеков Таалайбек болуп, акыркы жаңыланууларды эске алуу менен коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн Арыздарды кароо механизмин (АКМ) сунуштады.

Презентациянын соңунда семинардын катышуучулары суроо-жооп форматына өтүп, анда бардык пайда болгон суроолорго жооп берилди.

Онлайн семинардын катышуучулары АКМди ишке ашыруунун алкагында Долбоордун таасирине кабылган адамдардын арыздарын кароого даяр экендиктерин билдиришти жана АКМ талаптарынын алкагында материалдар менен бөлүшүүнү суранышты.

Бул иш-чара экологиялык жана социалдык милдеттенмелер планына, кызыкдар тараптарды тартуу планына жана Арыздарды кароо механизмине ылайык келет.
 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2434