Menu
Тренддер
КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ИШ КАГАЗДАРЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ АЛЫП БАРУУ БОЮНЧА АЛДЫҢКЫ ОРУНГА ЧЫКТЫ
КР Финансы министрлигинде Финансы министринин орун басарлары У.Календеров, Ж.Дуйшеева ошондой эле Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев жана Кыргыз тест мамлекеттик мекемесинин директору Б.Ставинскаянын катышуусунда мамлекеттик тилди өркүндөтүү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйында КР Финансы министринин орун басары У.Календеров мамлекеттик кызматкерлерге мамлекеттик тилди, эркин, акысыз жана ыктыярдуу үйрөнүүлөрү үчүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде даярдоо боюнча окуу курстары жүргүзүлөт деп билдирди.
Белгилей кетсек, КР Финансы министрлигинде иш кагаздарын этап менен мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча иш-чараларды аткаруунун негизинде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча Инфодокс программасына ай сайын талдоо жүргүзүлүп турат.
Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев КР Финансы министрлигинде 2023-жылдын январь-май айларында мамлекеттик тилдеги чыгыш каттар 84 пайызга жетип, министрликтер арасында алдыңкы орунга татыктуу болгонун билдирди.
КР Финансы министринин орун басары Ж.Дуйшеева бул жетишкендиктерге токтолбой мындан да ары кыргыз тилин өркундөтүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт деп белгиледи.
Министрликте мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча Финансы министрлигинин 152 мамлекеттик кызматкерде “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин сертификаттары бар, анын ичинен С1 жогорку деңгээлде - 19, В2 деңгээлинде 77, В1 деңгээлинде - 32, А2 жана А1 деңгээлдеринде 23. Сертификаты жок кызматкерлер II кварталдын аягына чейин тесттен толук өтүп, сертификатка ээ болот деп план коюлууда.
3 сүрөттөр
11.77MB