Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ "БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП"АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН МААЛЫМАТТЫК ТУТУМУН КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯЛАЙТ
2024-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептердин бирдиктүү планына (ЭБП) негизделген “Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп” автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү жөнүндө жарыялайт.
Эсептердин бирдиктүү планы бюджеттик мекемелер тарабынан бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана отчеттуулукту түзүү үчүн негизги инструмент болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясы менен толук интеграцияланган жана жогорку деңгээлдеги ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти камсыз кылуу менен эсепке алуу жана отчеттуулук процессин жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Бул системаны киргизүү Финансы министрлигине:
- Эсепке алуу жана отчеттуулук процесстерин оптималдаштыруу менен бюджеттик каражаттарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
- Каржылык агымдарды контролдоону жөнөкөйлөтүү жана финансылык маалыматты иштеп чыгуу убактысын кыскартуу.
- Бюджеттик чөйрөдө бухгалтердик эсептин бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу, бул финансылык отчеттуулуктун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
- Бюджеттик мекемелердин жана контролдоочу органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу, ачык-айкын бюджеттик процесс үчүн шарттарды түзүү.
Системаны ийгиликтүү ишке киргизүү үчүн эсептердин бирдиктүү планынын концепциясын жана жаңы системаны колдонуу жолдорун түшүндүргөн окутуучу роликтер иштелип чыккан. Мындан тышкары, бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн окутуу иш-чаралары өткөрүлүүдө, бул алардын жаңы программалык камсыздоо менен иштөөгө даярдыгын камсыз кылат.
Финансы министрлиги бардык кызыкдар тараптарды жаңы системага көнүү процессине активдүү катышууга жана алдыдагы өзгөрүүлөргө даярданууга чакырат.