Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКнын президентинин эмгек акысы тууралуу маалыматы

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКнын президентинин эмгек акысы тууралуу маалыматы

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында мурда жарыяланган «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ААКнын президенти Болтурук Тенгиз Аяпберген уулунун эмгек акысына байланыштуу маалыматтардын ачык-айкындуулугун жана толуктугун камсыз кылуу максатында, төмөнкүлөрдү билдирет:

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №5 «Кыргыз Республикасынын тоо-кен казып алуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык 2021-жылдын 10-декабрындагы №297 токтомуна ылайык, бул реформаларды ишке ашыруу максатында «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коом түзүлүп, Болтурук Тенгиз Аяпберген уулу Президенттик кызматка дайындалды. 

Бул ишкананын уставдык капиталын түзүү үчүн республикалык бюджеттен 3 400,0 млн сом бөлүнгөн.
Финансы министрлиги баса белгилейт, ушул күнгө чейин Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулуна республикалык бюджеттен жана «Улуу көчмөндөр мурасы» ААКсынын бюджетинен айлык акы берилген жок. Ар бир чыгашалар бухгалтердик отчеттор менен тастыкталган.

Учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 61 «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» Ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө» токтомуна ылайык «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясын жоюу иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги каржы маселелеринде ачыктык, айкындуулук жана жоопкерчилик принциптерин карманып келет.

Тиркелген файлдар

JPG
1Y8A8091.JPG

4.46 MB

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
1738