Тренддер
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги МӨБ жана «Азия Банкы» аркылуу «жашыл» бизнести каржылоону ишке киргизет
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы «Азия Банкы» менен биргеликте энергияны үнөмдөө, кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануу, ресурстарды сарамжалдуу колдонуу жана жашыл экономиканын башка багыттарындагы долбоорлорду ишке ашырып жаткан ишкердик субъекттерин каржылоо механизмин ишке киргизди.
Жашыл каржылоо инструменттерин өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик саясаттын алкагындагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Ал өлкөнүн экономикасынын туруктуулугун чыңдоого, айлана-чөйрөгө тийгизилген терс таасирди азайтууга жана ата мекендик бизнести модернизациялоону колдоого багытталган.
Жаңы каржылоо механизминин ишке киргизилиши ишкерлер үчүн заманбап энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө, кайра жаралуучу энергия булактарын пайдаланууга, ресурстарды керектөөнү кыскартууга жана бизнестин экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн узак мөөнөттүү финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтет.
3 сүрөттөр
0.00MB