ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ИШКЕРЛЕРГЕ 9,43 МЛРД СОМДОН АШУУН СУММАДА ПАЙЫЗСЫЗ КРЕДИТТЕРДИ КАРЖЫЛАДЫ

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ИШКЕРЛЕРГЕ 9,43 МЛРД СОМДОН АШУУН СУММАДА ПАЙЫЗСЫЗ КРЕДИТТЕРДИ КАРЖЫЛАДЫ

КРФМ

 

         “Кичи-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо» долбоорунун алкагында Финансы министрлиги ишкерлерге 9 млрд 435 млн сомдон ашык пайызсыз насыя кредиттер берилди.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кризиске каршы иш-чаралар планын ишке ашыруу алкагынды жана кризистик кырдаалга таасир көрсөтүүдө чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк менен Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржылануучу “Кыргыз Республикасынын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо” долбоору ишке киришкен. 2022-жылдын сентябрь айынан тартып ишкерлер пайызсыз кредит ала башташкан.

         2025-жылдын 1-октябрына карата жалпы берилген насыялардын суммасы 9 млрд 435 млн 925 миң 306 сомду түздү. Аларды 11 миң 821 ишкер алган.

  • 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) – 9 миң 630 ишкерге 5 млрд 732 млн 82 миң 424 сом берилген.
  • 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) – 2 миң 191 ишкерге жалпы 3 млрд 703 млн 842 миң 882 сом насыя берилген.

Маалымдама:
Долбоорго катышуу шарттары:

  • 1-категория – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык кеминде 6 ай иш жүргүзгөн жана жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер.
  • 2-категория – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык кеминде 6 ай иш жүргүзгөн жана жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер жана юридикалык жактар.

Айыл чарба тармагы каржыланбайт.

  • Валюта: КР сому
  • Пайыздык чен: 0% (пайызсыз)
  • Насыяны колдонуу мөөнөтү: 36 айга чейин
  • Жеңилдетилген мөөнөт: 3 айга чейин
  • Каржылык жардамдын көлөмү:
    • 1-категория үчүн – 1 000 000 сомго чейин,
    • 2-категория үчүн – 3 000 000 сомго чейин.

Керектүү документтердин так тизмеси өнөктөш банктар тарабынан аныкталат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
261

Окшош жаңылыктар