ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ТАРАБЫНАН  ВАЛЮТАЛЫК СВОП-ОПЕРАЦИЯЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ТАРАБЫНАН ВАЛЮТАЛЫК СВОП-ОПЕРАЦИЯЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ

КРФМ

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан акча ликвиддүүлүгүн натыйжалуу башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын   19-июнундагы  № 305 “Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык валюталык своп-операциялар өткөрүлгөн.

Валюталык своп-операциялардын катышуучулары менен кол коюлган келишимдердин жалпы суммасы 78,34 млн. АКШ долларын түздү, анын ичинде:

  • 2023-жылы 44,34 млн. АКШ доллары, улуттук валюта эквивалентинде 3 954,18 млн. сом;
  • 2024-жылы 34,0 млн. АКШ доллары, улуттук валюта эквивалентинде 3 033,53  млн. сом.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коммерциялык банктардын валюталык своп-операцияларды өткөрүүгө жиберилген табыштамаларын кароого даяр жана ачык экендигин билдирет.

Байланыштар: КР ФМ Борбордук казыналыгы, Казыналык долбоорлор бөлүмү, тел: 0 312 62-59-19

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
878

Окшош жаңылыктар