Menu
Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ МАММҮЛК ЖАНА АӨБ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ ТРЕНЕРЛЕР ҮЧҮН ТРЕНИНГ ӨТКӨРДҮ
Бүгүн Финансы министрлигинин Окуу борборунда Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги жана АӨБ менен биргеликте тренерлер үчүн "Уставдык капиталында катышуунун мамлекеттик үлүшү 50 пайыз жана андан ашык болгон мамлекеттик, муниципалдык ишканаларды жана коомдук чарбаларды сатып алууну башкаруу" темасында тренинг өткөрдү.
Тренингге КР ФМнын Окуу борборунан, КРСУдан, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынан, И.Арабаева атындагы КМУдан, КР ИИМден жана КР ЖӨБ союзунан бир катар тренерлер, окутуучулар жана өкүлдөр катышышты.
Тренингди сатып алуулар боюнча көз карандысыз эксперт, АӨБдүн жергиликтүү консультанты Уланбек уулу Дастанбек өткөрүп, угуучулар менен төмөнкү темалар кеңири талкууланды:
- Сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар;
- Сатып алууларды уюштуруу. Сатып алуулар бөлүмүнүн, конкурстук комиссиянын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ролу жана функциялары;
- Сатып алуу ыкмалары;
- Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык спецификациясына талаптар. Сатып алууларды пландаштыруу. Рынокту талдоо;
- Конкурстук документтерди түзүү жөнүндө;
- Жеткирүүчүнү тандоо. Контракт түзүү;
- Доо арыздарды кароо тартиби.
Тренингдин жүрүшүндө эксперттер, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ЧУАны жогорку квалификациялуу адистери иштелип чыккан окуу модулунун мазмунун толуктап иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы теориялык билимдери жана топтолгон практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
2024-жылдын 20-ноябрынан тартып аталган окутуу курсу бардык угуучулар – мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ошондой эле сатып алуу процесстерин натыйжалуу ишке ашыруу үчүн билимге ээ болууну, өз көндүмдөрүн жана компетенцияларын өнүктүрүүнү каалаган коомдун чарбакер кызматкерлери үчүн жеткиликтүү.