Финансы министрлиги  “Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоору боюнча 1 279,45 млн. сом женилдетилген кредиттерди берди

Финансы министрлиги “Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоору боюнча 1 279,45 млн. сом женилдетилген кредиттерди берди

Кредит

2025-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №80-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоору (мындан ары - Долбоор) бекитилген.

Долбоордун максаты 2025-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

2025-жылдын 3-апрелине карата бул Долбоордун алкагында республиканын 2 078 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 1 279,45 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген, анын ичинде:

  • “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 1 071,09 млн. сом суммасында 1 724 субъектти түзөт;
  • “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 156,99 млн. сом суммасында 326 субъектти түзөт;
  • “Сууну үнөмдөөчү технологиялар” тармагы боюнча 5,8 млн. сом суммасында 7 субъектти түзөт;
  • “Лизинг” тармагы боюнча 45,57 млн. сом суммасында 21 субъектти түзөт.

 

2025 - жылдын 3-апрелине карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат:

 

Берилген кредиттердин саны

Долбоорду өздөштүрүү суммасы

Республика              боюнча бардыгы

 

2 078

 

1 279,45

1

Чүй облусу

352

218,49

2

Ысык-Көл облусу

345

192,09

3

Талас облусу

216

135,04

4

Нарын облусу

238

150,43

5

Жалал-Абад облусу

468

303,74

6

Ош облусу

335

202,53

7

Баткен облусу

124

77,13

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
3282