Menu

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ИШКЕРЛЕРГЕ 9,5 МЛРД СОМДОН АШУУН СУММАДА ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯЛАРДЫ КАРЖЫЛАДЫ

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ИШКЕРЛЕРГЕ 9,5 МЛРД СОМДОН АШУУН СУММАДА ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯЛАРДЫ КАРЖЫЛАДЫ

КРФМ

 

«Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо» долбоорунун алкагында Финансы министрлиги тарабынан ишкерлерге 9 миллиард 52 миллион сомдон ашык суммада пайызсыз насыялар каржыланды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кризиске каршы иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жана кризистик кырдаалга жооп кайтарууда чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо» долбоору ишке киришкен. 2022-жылдын сентябрь айынан баштап ишкерлер пайысыз насыя ала башташкан.

Натыйжада, ишке кирген күндөн бүгүнкү күнгө чейин, тагыраагы, 2025-жылдын

1-июнуна карата пайысыз насыялардын суммасы 9 млрд 52 млн 61 миң 322 сомду түздү.   Аны 11 миң 619 ишкер алган.

1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 9 миң 586 ишкерге 5 млрд 693 млн 532 миң 424 сом берилген.  

2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 2 миң 33 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 3 млрд 358 млн 528 миң 899 сомду түзгөн.  

Долбоор Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат. Долбоорго катышуу үчүн зарыл болгон критерийлер:

1-Категория - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иштеген, жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер.

2-Категория - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иш жүргүзгөн, жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар.

Айыл чарбасы каржыланбайт.

Валютасы: КР сом

Пайызы: 0% (пайызсыз)

Финансылык жардамды пайдалануу мөөнөтү: 36 айга чейин

Жеңилдетилген мезгилди берүү мүмкүнчүлүгү: 3 айга чейин

Каржылык жардамдын суммасы:

1-категория үчүн – 1 000 000 сомго чейин

2-категория үчүн - 3 000 000 сомго чейин

Керектүү документтердин тизмеси өнөктөш банктар менен такталышы мүмкүн.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
2449

Окшош жаңылыктар