Menu
Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ИШКЕРЛЕРГЕ 9,3 МЛРД СОМДОН АШУУН СУММАДА ПАЙЫЗСЫЗ КРЕДИТТЕРДИ БЕРДИ
КРФМ
“Кичи, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында Финансы министрлиги тарабынан ишкерлерге 9 миллиард 365 миллион сомдон ашык суммада пайызсыз кредиттер берилди. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кризиске каршы иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жана кризистик кырдаалга таасир көрсөтүүдө чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк менен Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржылануучу “Кыргыз Республикасынын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо” долбоору ишке киришкен. 2022-жылдын сентябрь айынан баштап ишкерлер пайызсыз кредит ала башташкан.
Натыйжада, ишке кирген күндөн бүгүнкү күнгө чейин, тактап айтканда 2025-жылдын 1-июлуна карата пайысыз кредиттин суммасы 9 млрд 365 млн 905 миң 524 сомду түздү. Аны 11 миң 765 ишкер алган. 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 9 миң 594 ишкерге 5 млрд 700 млн 582 миң 424 сом берилген. 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 2 миң 171 ишкер кредит алган. Жалпы сумма 3 млрд 665 млн 323 миң 100 сомду түзгөн.
Долбоор Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.
Маалымдама: Долбоорго катышуу үчүн зарыл болгон критерийлер: 1-Категория - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иштеген, жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер. 2-Категория - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иш жүргүзгөн, жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар.
Айыл чарбасы каржыланбайт.
Валютасы: КР сом
Пайыздык: 0% (пайызсыз)
Финансылык жардамды пайдалануу мөөнөтү: 36 айга чейин
Жеңилдетилген мезгилди берүү мүмкүнчүлүгү: 3 айга чейин
Финансылык жардамдын суммасы:
1-категория үчүн – 1 000 000 сомго чейин
2-категория үчүн - 3 000 000 сомго чейин Керектүү документтердин тизмеси өнөктөш банктар менен такталышы мүмкүн.