Menu
Тренддер

Финансы министрлиги газдаштырууга 30,32 млн. сом жана мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн 17,0 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредиттерди берди
жеңилдетилген кредиттер
“Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору боюнча:
Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө
мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы тескемеси бекитилген.
Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 1,0 млрд. сом суммасын түзүүдө. 2024-жылдын декабрь айына карата бул Долбоордун алкагында 238 каржылоо субъекттерине 30,32 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.
“Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү” долбоору боюнча:
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздик көйгөйүн чечүү жана
балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылууну жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августунда токтому менен “Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү” долбоору бекитилген.
Долбоордун алкагында 2024-жылдын ичинде банктардын финансылык каражаттары ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаңы имараттарын куруу, учурдагы имараттарды капиталдык оңдоо/реконструкциялоо, ошондой эле негизги каражаттарды сатып алуу учун жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча берилген.
Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк”, “Элдик Банк” жана “Керемет Банк” ачык
акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 2024-жылга 97,3 млн. сом суммасын түзүүдө. Үстүбүздөгү жылдын декабрь айына карата бул долбоордун алкагында 6 каржылоо субъекттерине 17,0 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген.