Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ТАРАБЫНАН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН 100-ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН “МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР - ӨЛКӨНҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮНҮН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮНҮН КУРАЛЫ” ТЕМАСЫНДА АЛТЫНЧЫ АЧЫК ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ ӨТКӨ
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча эл аралык форум.
2024-жылдын 10-11-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясында (Чолпон-Ата ш.) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Финансы министрлигинин 100-жылдыгына арналган “Мамлекеттик сатып алуулар - өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жана Эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн куралы” темасында Алтынчы ачык эл аралык форуму өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Финансы министрлигинин, анын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн, министрликтердин жана ведомстволордун, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, ошондой эле Казакстан Республикасынын, Грузиянын, Евразия экономикалык комиссиясынын, Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Ислам банкынын, Crown Agents, ЮНЕП, “Элдик Банк” ААКнын өкүлдөрү катышышты.
Форумдун аянтчасында экологиялык, социалдык жана экономикалык аспектилерди эске алган жашыл экономиканы өнүктүрүү максатында туруктуу сатып алууларды киргизүүнүн актуалдуу маселелери, электрондук системаны модернизациялоо, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү жаатында чакырыктар жана багыттар талкууланды.
Өткөрүлгөн эки күндүк форумдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар климаттын өзгөрүшүн жана анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин эске алуу менен экономикалык өнүгүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча билим, тажрыйба, идеялар менен алмашышты.